Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

Жаштар уюмдары: К.Бакиев Минскиден алып келинсин


Жаштардын “Мекен шейиттери”, “Эл биримдиги”, “Калыстык” уюмунун өкүлдөрү бүгүн Белорустун Кыргызстандагы элчилигинин жанында пикет уюштурушту. Алар мурдагы президент Курманбек Бакиев алып келинип, сот жообуна тартылышын талап кылып жатышат. Ошондой эле пикетти уюштургандар Белорустун Бакиевге баш паанек бериши эки мамлекеттин достук, биримдигине доо кетирип жаткандыгын айтып жатышат. Ал эми Белорус элчилиги 22-23-апрель күндөрү техникалык себептерден улам элчилик иштебей тургандыгын белгилеп, эшикке жазып койгон. Пикетчилер бул талаптар аткарылмайынча акция уюштурула берээрин, бул талаптар Убактылуу өкмөткө да жолдоноорун маалымдашты.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев Белорус президенти Александр Лукашенконун чакыруусу менен 19-апрелде Минскиге барган.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG