Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Таиландда демонстрациялар токтой элек


Борбор Бангкоктон түшкөн кабарларга караганда, полиция бүгүн демонстранттардан баррикадаларын бузууну талап кылды. Көбүнесе желим дөңгөлөктөрдөн курулган баррикадаларга демонстранттар май чачып салышкан. Кечээ кечинде ошол аймакта гранаталардын жарылуусунан кеминде үч адам каза тапты. Өкмөт жарылуу үчүн “кызыл көйнөкчөндөр” деп аталып калган демонстранттарды айыптады. Кызыл көйнөкчөндөр өкмөт кызматтан чегинип, жаңы шайлоо жарыялануусун талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG