Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Бишкекте жоюлган маршруттарды калыбына келтирүүнү талап кылышууда


“Авангард”, “Кут консун”, “Байзак аска”, “Акжолтой”, “110” жана башка бир катар маршруттук такси ишканалары Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркуловдон мурда жоюлган маршруттарды калыбына келтирүүнү талап кылышууда. Алардын айтымында, мурдагы мэр Нариман Түлеев ондогон маршруттарды негизсиз жоюп салып, алардын ордуна чыгашадан башы чыкпаган Кытай автобустарын киргизген. Натыйжада 500 дөн ашык маршруттук таксинин айдоочулары ишсиз калышты, ал эми шаарды курчаган жаңы конуштардын бир тобуна транспорт барбай калды.

Ошол эле учурда мэрия бир аз убакыт өткөзүп, жоюлган маршруттардын ордуна кайра эле алардын дал өзүндөй кылып жаңы маршруттарды ачып, өздөрүнүн тааныш фирмаларына “жең ичинен соодалашып” берип койгон. Бишкек шаарынын прокуратурасы шаардык транспорт башкармасынын маршруттарды жоюу жөнүндө буйругун мыйзамсыз деп таап, аны жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарган. Бирок экс-мэр Түлеев кийлигишип, бул ишти жаптырып койгон. Транспорт ишканалары кайрадан киришип отуруп, шаардык прокуратуранын чечимин кайра чыгарууга жетишкен. Бирок ушул күнгө чейин маршруттарды жойгон буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө шаардык прокуратуранын талабы аткарыла элек.

“Биздин көптөгөн айдоочуларыбыз 2010-жылы 7-апрелдеги окуянын учурунда өздөрүнүн укуктарын коргоп, эл арасында болуп, жаракат алышты. Бирок эми деле атка минерлер тарабынан түшүнбөстүктүн дубалына туш келип жатабыз” деп белгиленет жогоруда аталган ишканалардын билдирүүсүндө. (КС)

XS
SM
MD
LG