Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Кыргыз киносу Канны кинофестивалында көрсөтүлөт


Кинорежиссер Актан арым Кубаттын “Свет аке” деген фильми 12-23-майда Францияда өтүүчү эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшөва билдирди. Анын айтымында, бул кабарды мурунку СССРдин курамындагы жана Чыгыш Европа мамлекеттеринин кинематографын Канны эл аралык фестивалына чыгаруу багытында алектенген француз эксперти Жоэль Шапрон бүгүн билдирген. Аталган фильм чет өлкөдө “Жарыкты уурдоочу” деген аталышта сунушталмакчы жана анда Кыргызстанда энергетика тармагындагы кырдаал чагылдырылган. Башкы ролду режиссер Актан арым Кубат өзү аткарган. Мурдагы жылдары Канны кинофестивалына “Маймыл”, “Боз салкын” тасмалары катышкан. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG