Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Кыргызстан учуру келгенде Курманбек Бакиевди өткөрүп берүүнү талап кылат


Бул тууралуу бүгүн Утурумдук өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева билдирди.

-Биз Бакиев менен кызматташууга муктаж эмеспиз. Ал азыр жеке адам жана өз кызыкчылыгын улуттун кызыкчылыгынан жогору коюуда. Эгер ал ошол жакта кала бере турган болсо, КМШ же андан кеңири алкакта биз анын экстрадициясын талап кылабыз.

Отунбаева белгилегендей мындай аракет тийиштүү комиссия 6 -7 –апрелдеги кандуу окуяларды иликтегенден кийин жасалат. Мунун алдында Курманбек Бакиев бүгүн Миниск шаарында маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстанга президент катары кайтуу ниети жоктугун бирок кызматтан чегинүү боюнча арызын тааныбары жөнүндөгү мурдагы билдирүүсүн кайталаган эле. Анын себеби катары Бакиев ал президенттиктен чегинүүгө макул болгондо кызматташттарына, жакындарына, туугандарына куугунтук жасалбаары убада кылынганын жана учурда ошол шарт аткарылбай жатканын атады. Утурумдук өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева бүгүн Бакиевдин үй –бүлөсүн эч ким куугунтуктабаганын, иниси Жаныш Бакиев “7- апрелдеги кара санатайлыктын автору жана аткаруучусу” ирээтинде изделип жатканын белгиледи.

Бакиевдин айтымында, анын кызматтан чегинүүсү мыйзамдаштырылышы үчүн парламент тарабынан бекитилиши керек жана мындай шартта ал утурумдук өкмөт менен иштешүүгө даяр. (UE)

XS
SM
MD
LG