Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

“Кыргызстанды сактоо элдик комитети” конституциялык жолго кайтууга чакырды


“Кыргыз эл биримдиги” кыймылы өткөргөн кезексиз үчүнчү курултайда түзүлгөн “Кыргызстанды Сактоо Элдик комитети” өзүнүн чечимдерин жарыя кылды. Аталган комитет убактылуу өкмөттөн конституциялык талаага кайтып келүүнү талап кылды жана анын ишмердигинин мыйзамдуулугуна көзөмөлдүк жүргүзүүнү зарыл деп тапты. Ошондой эле азыркы учурда улуттар аралык жана диний ынтымак биримдикти бекемдөө, өлкөнү башкарууга жаштарды кеңири тартуу жана башка улуттардын өкүлдөрүн бийликке катыштыруу аткаруу бийлигинин негизги милдеттери деп белгилейт. Ошондой эле жаңы түзүлгөн уюм убактылуу өкмөттөн мамлекеттик кызматчыларды негизсиз иштен бошотуп, алардын ордуна партиялаштарды, санаалаштарды жана тааныштарды орноштурууну токтотууну да талап кылганын билдирет.

"Кыргыз Республикасынын Баш Мыйзамы (Конституция) иштебей, өлкөдө туташ мыйзамсыздык өкүм сүрүүдө. Улуттар арасындагы жана диний нааразылыктар, жер басып алуу синдрому улантылып, адам өлүмүнө алып келүүдө. Революциянын жүрөгү, колу-буту болуп келген жаштар, коомдук уюмдар убактылуу бийликтен да четтетилип калды. Убактылуу өкмөт өзү күчүндө калтырган Конституциянын 1, 2, 8, 12, 52-беренелери одоно бузуп, өз декреттери менен Жогорку Кеңешти таратып, Конституциялык Сотту жоюп салды, мамлекеттик кызматчыларды кетирип, алардын ордуна өз партиялаштарын урук-туугандарын коюшу элдин нааразычылыгын көбөйтүп, түндүк түштүк деген ажырымды күчөтүүгө алып келүүдө",-деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

«Кыргыз Эл Биримдиги» кыймылы 21-апрелде өткөн кезексиз курултайга өзүнүн 600 өкүлү, 102 коомдук уюмдун, 18 партиянын өкүлдөрү, Кыргыз Улуттар Ассамблеясынын 16 өкүлү, жаштар уюмдарынан 100 өкүл, жалпысынан 1080 делегат катышканын билдирет.

Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү "Кыргызстанды сактоо элдик комитетинин" талаптарына азырынча расмий жооп кайтара элек. (КС)

XS
SM
MD
LG