Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Ишенгүл Болжурова: “Кыргыз элине, кыргыз жерине иштеп атам”


Кыргызстандын Беларустагы толук ыйгарымдуу элчиси Ишенгүл Болжурова бүгүн Минскиде 15 өлкөнүн жана бир катар эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышкан маалымат жыйынын чакырып, Кыргызстандагы окуялар жөнүндө билдирүү жасап, кыргыз элинин тарыхый тандоосун жана Убактылуу өкмөттү колдоого алуу чакырыгы менен эл аралык коомчулукка кайрылды. Элчи айым 16-апрелде Курманбек Бакиев өзү арыз жазып кол коюп, президенттик кызматын тапшырып бергенден кийин эл аралык коомчулук де-факто Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүн колдогондугун, азыр конституциялык реформага камылга көрүлүп жатканын, ошондой эле электр кубатына жана жылуулукка тарифтерди мурдагы калыбына алып келип, экономикалык-социалдык кырдаалды жакшыртуу аракетин жасалып жатканын билдирди.

“Демократиялык жолго түшүү үчүн референдум өткөзгөн жатабыз, жаңы Конституция кабыл алган жатабыз. Парламенттик өлкөгө өткөн жатабыз деп, анткени биздин менталитетибиз парламенттик республикага көбүрөөк ылайык экенин айттым,-деп билдирди И. Болжурова “Азаттыкка” берген маегинде. – Мен кыргыз жерине, кыргыз элине иштеп атам. Мага биздин борбор эмнени айтса, ошону жасап атам. А менин борборум – Бишкек”.

И. Болжурова Беларустун президенти А. Лукашенко К. Бакиевди жеке өзүнүн чечими менен чакырып алганын айтып, ошондуктан муну Беларус элинин чечими деп кабыл албаш керек деп баса белгиледи. Анын айтымында, экс-президент К. Бакиев Кыргызстандын Беларустагы элчилигине барган эмес.

И. Болжурова мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда Бишкек Гуманитардык Университетинин ректору, билим берүү жана илим министри жана кийинки президент К. Бакиевдин тушунда вице-премьер-министр, Кыргыз Улуттук Университетинин ректору, билим берүү жана илим министри болуп иштеген. Соңку жылдары Кыргызстандын Беларустагы жана Латыш, Литва республикаларындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, ошондой эле Кыргызстандын КМШдагы Уставдык органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жатат. (КС)

XS
SM
MD
LG