Кечээ Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева менен Эл аралык ишкерлер кеңешинин ортосундагы жолугушуу учурунда чет элдик ишкерлердин Кыргызстанга визасыз келүү маселеси көтөрүлдү. Ишкерлер эгерде ири мамлекеттердин жарандары өлкөгө визасыз келүүгө мүмкүнчүлүк алса, бул Кыргызстанда бизнес кылууну, инвестиция жасоону жеңилдетээр эле деген ойду билдиришти. Р.Отунбаева бул кыска убакытта чечиле койчу иш эмес экенин, бул маселени Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөр менен талкуулашарын айтты. (AiJu)