Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

АКШ транзиттик борбору боюнча келишим узартылган


Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсаловдун “Азаттыкка” билдиргенине ылайык, “Манас” аба майданындагы АКШнын Транзиттик жүк ташуу борбору боюнча келишим ушул жылдын 10-мартында узартылган. Анын айтымында, мурдагы өлкө башчы К.Бакиев башында турган бийлик келишимди дагы бир жылга узарткан.

Келишимдин узартылышы тууралуу маалыматты Транзиттик борбордон тактоого мүмкүнчүлүк болгон жок.

22-апрелдеУбактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев америкалык база боюнча соңку чечим октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин кабыл алынарын билдирген. АКШнын аскерий базасы былтыр 22- июнда түзүлгөн келишимге ылайык, макамы өзгөртүлгөндөн бери транзиттик борбор деп аталат. Ал эми келишимдин мөөнөтү ушул жылдын июнь айында аяктайт. (AiJu)

XS
SM
MD
LG