Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

Өзбекстандан гуманитардык жардам келди


Бүгүн өзбек тарап Кыргызстанга күйүүчү май, курулуш материалдары, кийим-кече жана башка гуманитардык жардам берди. Жардам Ош шаарында Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу С.Жээнбеков жана Өзбекстандын Чукул кырдаалдар министри Т.Худайбергеновдун катышуусунда кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Ушу эле күнү Убактылуу өкмөттүн башчысы Р.Отунбаева Өзбекстан президенти Ислам Каримовго колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген кат жолдоду. (AiJu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG