Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Армения кызыл кыргындын кезектеги жылдыгын белгилөөдө


Ереванда бүгүн Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Осмон империясы тарабынан массалык түрдө кырылган армяндарга арналып тургузулган мемориал алдында он миңдеген адамдар чогулуп, гүлчамбарларды коюшту. Президент Серж Саркисян өз сөзүндө бул окуяны геноцид деп эсептеген армяндардын ишеними эл аралык деңгээлде таанылары айныксыз экенин белгиледи. Түркияда болсо интеллектуалдардын тобу бийликте тургундарды 1915 –жылкы кыргындын курмандыктарын Стамбулда унчукпай эскерүү боюнча алардын акциясына кошулууга чакырды. Түркияда болсо 1915-17-жылкы кыргындын курмандыктарын бүгүн адам укугун коргоочу активисттер эскерүүдө. “Франс- пресс” агенттигинин билдиргенине караганда, Стамбулдагы бүгүнкү демонстрацияга100дөй адам жыйналган жана бул - Түркияда коомдук деңгээлде уюшулган алгачкы эскерүү иш чарасы. Расмий Анкаранын пикиринде, армяндардын кырылышы - түрктөрдүн тукум курут саясатынын эмес, Биринчи дүйнөлүк согуштагы чоң уруштун натыйжасы.

XS
SM
MD
LG