Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:34

Тажик президенти Борбор Азия стабилдүүлүккө муктаж деп эсептейт


Бүгүн парламентте жасаган жылдык кайрылуусунда Эмомали Рахмон Кыргызстанда жакында бийликтин кулатылышы өлкөнүн ички иши экенине карабай, аймак үчүн тынчыздануу жаратканын белгиледи. Борбор Азия бүгүн түрдүү кызыкчылыктар кагылышкан чөлкөм экендигине токтолгон тажик президенти аймак туруксуздуктун жана конфликтердин майданы болбош керек деп эсептейт. Эмомали Рахмондун пикиринде, Тажикстан өнүгүүнү, прогрессти камсыз кылыш үчүн биринчи кезекте саясий жана социалдык стабилдүүлүккө муктаж. Рахмон бийликте 1992-жылдан бери турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG