Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Орусия жана Австрия “Түштүк агым” газ кууру боюнча келишимге кол коюшту


Эки өлкөнин “Түштүк агым” газ түтүгүнүн курулушу боюнча кызматташуусун караган келишимге бүгүн Венада орус премьер- министри Владимир Путиндин менен Австрия канцлери Вернер Файмандын сүйлөшүүлөрүнүн соңунан кийин кол коюлду. Путиндин айтымында, “Түштүк агым” аркылуу Австрия жылына эки миллиард кубометрге чейин көгүлтүр от ала алат. Орусиянын Газпрому “Түштүк агымды” Новороссийск шаарынан Болгарияны көздөй Кара деңиздин түбү аркылуу төшөөнү мерчемдөөдө. Деңизден кийин Болгариядан чыккан куур Сербия, Венгрия аркылуу Австрияга чейин келет. Андан ары түштүккө, Италия, Грецияга чейин жетиши мүмкүн. Кубаттуулугу жылына 63 миллиард кубометр газ өткөрүүгө эсептелген. “Түштүк агым” Евробиримдик колдогон жана Орусия аймагына кирбеген Набукко газ кууру долбоорунун атаандашы катары каралып жүрөт.

XS
SM
MD
LG