Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:18

Эл аралык валюта кору Грекияга насыя берүүгө даяр


Эл аралык валюта кору жана Дүйнөлүк банк Грекияга акчалай жардамды көбөйтүү ниетин билдирип, бирок Афины айрым чаралар көрүшүн талап кылды. Грекия финансылык кризистен чыгыш үчүн Европалык өнөктөштөрдөн 40 миллиарддай доллар, ал эми Эл аралык валюта корунан 14 млрд доллардай каражат алууну үмүттөнүп жатканын айткан. Донор тараптардын расмий өкүлдөрү Грекияга берилчү жардам эмки айдын башында даяр болорун, бирок Афины каражатты сарптоо саясатын еврозона стандарттарына ылайыкташтырышы зарыл экенин белгилешти.

XS
SM
MD
LG