Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

Бүгүн “7-апрел” кыймылы Беларус элчилигинин жанында пикет өткөрөт


Бул тууралуу аталган кыймылдын лидери Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн Кыргызстандагы Беларус элчисине президент Александр Лукашенкого коюлган талаптар жазылган кат тапшырылат. “7-апрел” кыймылы беларус президенти Лукашенкодон Курманбек Бакиевди тез арада Кыргызстанга кайтарып берүүнү жана Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөнү, жазыксыз кыргыз элин айыптоону токтотууну, массалык маалымат каражаттары аркылуу кыргыз элин кемсинтип сүйлөгөнү үчүн расмий кечирим суроону талап кылат, деди Ө.Токтонасыров.
Ал ошондой эле БУУнун Бишкектеги үйүнө барышып, К.Бакиевди мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартууга көңүл буруусун өтүнүп БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга дагы кат жолдошорун кабарлады. (AJ)

XS
SM
MD
LG