Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Бүгүн жаңы Конституциянын долбоору элдик талкууга коюлат


Бул тууралуу Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, талкуу учурунда кыргызстандыктар жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөн маселелерди талкуулап, парламенттик башкаруу боюнча жана парламенттеги депутаттардын саны канча болушу керектиги тууралуу ой-пикирлерин билдириши керек. Жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда парламентте 105 же 120 депутаттык орун болсун деп эки вариант сунуш кылынууда.
Жаңы Конституциянын долбоору боюнча сунуштар 14-майга чейин кабыл алынат. Андан кийин жумушчу топ 18-майга чейин алымча-кошумча менен иштеп чыгып, 19-майда Баш мыйзамдын бүткөн варианты жарыяланат. (AJ)

XS
SM
MD
LG