Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Иран БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы санкциясынан качуунун амалын издөөдө


Иран өлкөнүн ядролук программасы боюнча Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши жаңы санкция кабыл алуусуна жол бербөөнүн аракетин кылууда. Ирандын тышкы иштер министри Манучер Мотакки жекшемби күнү Венада БУУнун Коопсуздук кеңешинин убактылуу мүчөсү Австриянын дипломаттары менен кездешти. Маалыматка караганда, Мотакки Австрия тараптан Коопсуздук кеңеши непада Тегеранга каршы жаңы санкция кабыл алмак болсо, аны колдобоону сураган.

Мурдараак Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Коопсуздук кеңешинин башка бир туруктуу эмес мүчөсү Угандага барган.

XS
SM
MD
LG