Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Индия жана Ооган лидерлери коопсуздук маселелесин талкуулашат


Бүгүн Жаңы Делиде Индия премьер-министри Манмахон Синх жана Ооган президенти Хамид Карзай кездешет. Жолугушууда региондогу коопсуздукту камсыздоодогу эки өлкө аралык алканын мааниси талкууланат. Эки ай мурда Кабылда жанкечтинин чабуулунан тогуз индус набыт болгон. Чабуул үчүн Индия өкмөтү Пакистанда жайгашкан “Лашкер-е-Тайба” тобунун согушчандарын күнөөлөгөн.

Индия Ооганстанды калыбына келтирүүгө жигердүү катышып келет жана 2001-жылы талиптер кулатылгандан бери өлкөгө 1 миллиард доллардан көп жардам берди.

XS
SM
MD
LG