Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Сүлүктүдө кенчилер нааразылык акциясына даярданууда


Сүлүктү көмүр ишканасынын профсоюздук комитетинин төрагасы Эргеш Мадаминовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, Сүлүктү шаарынын жаңы дайындалган мэри Жамал Калакулов ишкананын ишине кийлигишип жатат. Маалыматка караганда, мэр ишкананы анын мурдагы жетекчиси Раимбек Назаровго өткөрүп берүүсүн талап кылган. “Ушундай талап менен биздин учурдагы деректир Бакыт Абдыназаровду ишти өткөрүп бербесең кылмыш иши козголот деп камап коюп, аны өзүбүздүн кепилдигибиз менен кайра чыгарып алдык. Буга дээрлик бардык ишкана жамааты нааразы болуп жатат”, - дейт Э.Мадаминов. Анын айтымында, Сүлүктү көмүр ишканасынын инженер, техникалык кызматкерлер мэрияга барып, талаптарын айтууга даярдык көрүп жатат. Ал эми Сүлүктү шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Жамал Калакулов абал тынч, иш жакшы эле жүрүп жатканын кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG