Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

А.Атамбаев башында турган комиссия түзүлдү


Ош-Бишкек жолунун тосулушун Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Алмазбек Атамабев башында турган комиссия иликтейт жана чара көрөт. Бул тууралуу Убактылуу бийликтин сот, прокуратура тармагын тейлеген мүчөсү Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, комиссиянын курамына коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков, ички иштер министринин милдетин аткаруучу Бакыт Алымбеков, өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Дүйшөн Чотонов, Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев жана губернаторлор кирди.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, 23-апрелде түзүлгөн бул комиссия мындан ары өлкөдөгү коопсуздук боюнча аракеттерди көрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG