Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:15

Бишкек-Ош жолунда 300дөй унаа токтоп калды


Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жактоочулары Бишкек-Ош жолун Бүргөндү – Майлы-Суу кесиндисинде тосушту. Натыйжада Бишкек тарапка келе жаткан 150 чамалаш жана Ошко кетип жаткан ушундай эле сандагы унаа токтоп турат. Жол тоскондор оорулууларды жана Майлы-Суу өндүрүш ишканасына ташылып жаткан материалдарды өткөрүп жатышат. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, жолго теректин бутак-шактары жана үч унаа таш төгүлүп тосулган. Мындан сырткары жол эки Зил унаасы менен тосулуп турат. Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров жол тосуулар маселесин Алмазбек Атамбаев башында турган комиссия карарын билдирди. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG