Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Жол тоскондор менен облустук милиция башчысы жолукту


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаручу Сталбек Бакиров Ош-Бишкек кан жолун бууп турган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жактоочулары менен жолугуп, алардын талабын укту. “Азаттыктын” кабарчысынын окуя болгон жерден кабарлашына караганда, өзүн Конгантиевдин карындашымын деп тааныштырган аял “оорулуу адамды камакка салып, сураган туура эмес”, - деген оюн билдирип, чыр-чатак чыгып кетпеси үчүн мурдагы министрди бүгүн бошотууну талап кылды. С.Бакиров чогулгандардын талабын облус жетекчисине жеткирүүгө убада кылды. Мындан сырткары жол тоскон жерге Ноокен районунун акими Нурбек Мурашев да келди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG