Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

Ошто Курманбек Бакиевди колдоо комитети уюшулду


Оштук укук коргоочу Төлөн Дыйканбаев айтышынча, комитет Курманбек Бакиевдин укугун коргомокчу. Алар адегенде эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, экс-президент кызматынан күч менен кулатылгандыгын, Убактылуу өкмөттү тааныбай тургандыгын ачык айтышмакчы. Ошондой эле өлкө мыйзам нугуна түшүшү үчүн учурда Минскиде баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтарып, ага дагы беш жыл мүмкүнчүлүк берүү маселеси да көтөрүлмөкчү.

Деген менен айрым саясий күчтөр мындай демилгеге каршылыгын билдирүүдө. Маселен, “Ата Мекен” партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаевдин пикиринче, Бакиев баштаган үй-бүлөлүк режимдин активдүү таламдаштары жазага тартылмайынча, элдин көкшүнү суубайт жана аймактар тынчыбайт. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG