Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:01

Кандагардагы жарылуудан эки адам каза тапты


Ооганстандын түштүгүндөгү бул шаардын полиция өкүлүнүн билдиргенине караганда, бүгүнкү жардыруу бомба салынган автоунаа жана мотоцикл менен жасалган. Удаа жасалган бул жардыруулар полиция кербенин бутага алгандай. Ал үчүн азырынча эч ким жоопкер боло элек. Кандагар Талибан кыймылы жаралган жер катары эсептелинет жана катаал турумду карманган согушкерлер бул шаарда али да колдоого ээ. АКШ армиясы Кандагарды Талибандын согушкерлеринен тазалоо үчүн быйыл жайда операция өткөрүү планы бар экенин жарыялаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG