Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:29

Иракта 52 талапкерге берилген добуштар жараксыз деп табылды


“Адилеттүүлүк жана жоопкерчилик” комиссиясы 7 –марттагы парламенттик шайлоого катышкан ал талапкерлердин мурдагы диктатор Саддам Хусеиндин “Баас” партиясы менен байланышы бар деп тапты. Муну менен, шайлоо комиссиясынын өкүлүнүн билдиргенине караганда, сунниттердин “аль -Иракия” альянсынын бери дегенде эки талапкеринин жеңиши жокко чыгарылууда. Бул альянс 325 орундуу парламенттен 91 орун алган. Ал эми шийиттердин учурдагы премьер- министр Нури ал –Малики башында турган блогуна 89 орун тийген. Комиссиянын чечими борбор Багдадда добуштар кайра саналары күтүлүп жаткан учурда чыкты. Багдаддагы кайра санак да шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир бериши мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG