Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

“Кыргызстан Эл баатырларынын” мүчөлөрү ачкачылык акциясын улантышат


Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында кечээ боз үй тигип, ачкачылык акциясын баштаган аталган уюмга мүчө 21 жаш жигит экс-президент Курманбек Бакиевди өлкөдөн чыгарып жибергендиги жана анын бир туугандарын, мурдагы бийлик башындагыларды алигиче кармабагандыгы үчүн Убактылуу өкмөткө нааразы болушуп, укук коргоо органдарын айыпташууда. Алар ошондой эле Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаевди кызматтан кетирүүнү талап кылышууда.
Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы болсо ачкачылык жарыялагандардын коюп жаткан талабы негизсиз экендигин, Курманбек Бакиевдин айланасындагы адамдарды жана анын бир туугандарын кармоо боюнча Улуттук коопсуздук кызматы иш аракеттерин улантып жатканын кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG