Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Армян католикасы Азербайжан мусулмандарынын шейхин конокко чакырды


Азербайжан жана Армениянын диний жетекчилиги Тоолуу Карабах чатагын тынчтык жолу менен жөндөөгө чакырышты. Үндөө диний башчылардын Бакуда өтүп жаткан дүйнөлүк жыйыны учурунда жасалды. Жыйынга дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген 200дөн ашуун динаятчылар катышууда.

Орус ортодок чиркөөсүнүн архиепископу Патриарх Кирилл журналисттерге диниятчыларда аскерлерди ордунан жылдыргандай саясый бийлиги жок экенин, бирок алар өз өлкөлөрүндөгү коомдук пикирге таасир эте аларын айтты:

- Диний жетекчилерде саясый бийлиги жок. Алар аскерлерди тияк-биякка жылдыра албайт. Алар өкмөттүн кубатын пайдалана албайт. Бирок аларда динзарлар үчүн өтө кымбат баалуулуктарга жана идеалдарга кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар.

Тоолуу Карабах жана ага чектеш көптөгөн аймактар 1994-жылы болгон Армян-Азербайжан согушунан бери Армениянын куралдуу күчтөрүнүн ээлигинде.

Жыйынга Армян чиркөөсүнүн католикосу Гарегин II Азербайжан мусулмандарынын муфтийи Шейх ул-Ислам Аллашүкүр Пашазаденин жана Орус ортодок чиркөөсүнүн архиепископу Патриарх Кириллдин чакыруусу менен келди. Бул Армян катлоикосунун Бакуга жасаган биринчи визити. Ал да Пашазадени Арменияга келип кетүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG