Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

“Мекен шейиттери” уюму Москва көчөсүн тосту


6-7-8-апрелдеги кандуу окуяда окко учуп каза болгондордун ата-энеси, туугандары түзгөн “Мекен шейиттери” уюму Бишкек шаарындагы Белорус элчилиги жайгашкан Москва көчөсүндө унааларды өткөрбөй тосуп турушат. “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, уюмдун 200гө чамалаш мүчөлөрү элчилиликтен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга алынып келинишин талап кылышууда. Алар Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине да бул боюнча эч кандай жооп болбогонуна, Белоруска нота жөнөтпөгөнүнө нааразы болушууда. Азырынча элчиликтен эч кандай жооп боло элек.(КЕ)

XS
SM
MD
LG