Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:56

А. Атамбаев Казакстандын премьер-министри менен сүйлөштү


Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Алмазбек Атамабев Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Убактылуу бийликтин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, анда чек араны ачуу, миграция маселесинин тегерегинде сөз болгон. А.Атамбаев казак өкмөтүнөн ошол жакта иштеп жүргөн эмгек мигранттарын убактылуу колдоп турууну өтүнгөн. Ал эми К.Масимов өз кезегинде жазгы талаа жумуштарына күйүүчү жана майлоочу май жагынан жардам болорун, чек ара маселесин чечүүнү тездетүүгө аракет көрүлөөрүн билдирген.

Ал эми CA-NEWS агенттиги казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Евроазия медиафорумунун ачылышы учурунда Кыргызстандагы 7-апрелдеги окуя ыңкылап эмес, бийлик үчүн күрөш деп айтканын жазып чыкты. Н.Назарбаев элдин турмушу оңолмоюн мындай окуя боло берерин белгилеген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG