Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

Убактылуу өкмөт Курманбек Бакиевдин кол тийбестик укугун алып салды


Убактылуу өкмөт бийликтен четтетилген президент Курманбек Бакиевди кол тийбестик укугунан ажыратканын Утурумдук бийлик жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйында билдирди. “Эми биз тартип коргоо органдарына кайрылып, К.Бакиевди кармап бизге бергиле деп сурайбыз” , - деди А.Бекназаров. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып К.Бакиевди күчтөп алып келүү боюнча декрет даярдалып жаткандыгын, ал жакын арада кабыл алынарын айтты. Мындан сырткары ал мурдагы президентке маассалык адам өлтүрдү делип 97-берене, кызмат ордунан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн 304-берене боюнча сырттан кылмыш иши козголгонун маалымдады.

К.Бакиев 19-апрелден тартып Белорус президенти Александр Лукашенконуун чакырыгы менен Белорус өлкөсүндө байыр алууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG