Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

К.Бакиевдин үйүнөн Кызыл китепке кирген жаныбарлар табылды


Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакын туугандарына карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу Жалал-Абад облусттук прокуратурасынын иликтөө тобу Сузак районуна караштуу Ынтымак айылындагы Бакиевдердин үйүн 25-апрелде тинтүүгө алган. Тинтилген үйлөрдөн Кызыл китепке киргизилген түрдүү жапайы жаныбарлар жана канаттуулар табылган. Тагыраак айтканда, эки мамалак, африка төө кушу, тянь-шандык эки барс, үч элик, тянь-шань бүркүтү, эки ылаачын, төрт африкалык кооз жүндүү павлин, австриялык ак жана кара ак куу, индиялык төрт өрдөк табылган. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Ушул тапта кызыл китепке кирген жаныбарлар менен канаттууларды сактап калуу үчүн прокуратура тарабынан чаралар көрүлүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG