Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Курманбек Бакиев кол тийбестигинен ажыратылды


Белорусиядан К.Бакиев өзүн дагыле президент экенин айтууда
Белорусиядан К.Бакиев өзүн дагыле президент экенин айтууда

Кыргызстандын мурдагы президенти К. Бакиевден кол тийбестиги алынып салынды. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү кечээ кечиндеги жабык жыйында ушундай чечим кабыл алышканын вице-премьер-министр милдетин аткарып жаткан Азимбек Бекназаров 27-апрелде жарыя кылды.

Белорусияда баш калкалап жүргөн К.Бакиевди кайтарып берүү жөнүндө декрет даярдалууда. Мурдагы президенттин балдары, иниси, башка жооптуу кызматкерлерге каршы кылмыш иштери козголгон.

К.Бакиев «Белорус батькасынан» башбаанек тапты

Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары Азимбек Бекназаров 27-апрелдеги маалымат жыйынында жаңы бийлик жетекчилери К.Бакиевдин Кыргызстандан чыгарылып кетишине каршы чыгышканын маалымдады.

Кезектеги декреттин чыгышына алыста туруп алып К.Бакиевдин кызматтан баш тартуу жөнүндө өз колу менен жазган арызын жокко чыгарып, өзүн дагыле президент экенин журналисттер алдында тажабай айтып жатышы себеп болду көрүнөт.

- Мен кызматтан кеткенимди тааныбай турганымды айттым. Себеп дегенде дагы деле укуктук талаага кайтууга мүмкүнчүлүк бар. Парламентти пайдалануу керек. Аны ишке чыгарып, мени да пайдаланышсын. Жок дегенде мыйзамдуу бийлик болушу үчүн мен алардын талапкерин деле колдоого даярмын,- деп К.Бакиев алакан жайып отуру.

Кызматынан баш тартканын Казакстандан туруп ырастаган К.Бакиевдин Минскиден анын карабашынын коопсуздугун ойлоп ортого арачы түшкөн абройлуу эларалык уюмдар менен АКШ, Орусия, Казакстан президенттерин осол абалга кептелтишинин сыры деле жөнөкөй.

Тандемдин мандеми

Аны ошол эле К.Бакиевдин мурдагы тандемдеши Ф.Кулов орусиялык маалымдоо каражаттары аркылуу ачып берүүдө.

- Менин оюмча, анын адамдары куралдарын жалаңдатып көтөрүп өз элине ок аткандан кийин баарын таштап балдардын оюнчугун жасагысы келгени кандай психологиялык абалда экенин мүнөздөйт.

“Европадагы соңку өкүмдар” атына конгон Белорусия президентинен колдоо тапкан К.Бакиевди ошентип Убактылуу өкмөт кол тийбестиктен ажыратууда. Бирок да жабык эшик артында кабыл алынган кезектеги декреттин ишке ашырылышы Белорусия президенти А.Лукашенконун кабак-кашына байланыштуу. Кедей өлкөдөн К.Бакиев эмнени уурдап чыкканына түшүнбөгөн “белорус батькасына” ошол эле Минск конвенциясына ылайык качкын президентти кайтарып берүү тууралуу сунуш жолдонорун А.Бекназаров журналисттер алдында жарыя кылды.

- Акырында биз анын кол тийбестик иммунитетин алуу боюнча декрет кабыл алдык. Ал эми президенттик кызматынан 7-апрелде эле айрылган. Аны Кыргызстан эли айырган. А кечөө Убактылуу өкмөт Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын аткарып аткан орган катары ошо кол тийбестик иммунитетинен ажыраттык. Декретке кечээ анча-мынча сунуштар киргизилген. Бүгүн түштөн кийин ал массалык маалымат каражаттарына чыгарылат. Ошол декретке ылайык ал кишиге сыртынан айып тагылган, киши өлтүрүү жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча. Андан башка да кылмыш иштери тергелип атат. Мисалы, Аксы окуясына байланыштуу. Ушулардын бардыгы ал кишиге айыбы катары угузулат.

А.Бекназаров элге каршы ок аткандык үчүн жооптуу кызмат жетекчилеринин тогузуна кылмыш иштери ачылганын, алардын үчөө Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчи орунбасары Данияр Дунганов, мурунку Коргоо министри Бактыбек Калыев, мурунку Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев сурак берип жатышканын ырастады. Мурунку өкмөт башчы Данияр Үсөнов, Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Мурат Суталинов, Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Жаныбек Бакиев, Нурлан Темирбаевге да издөө салынып, кармалса айыптары угузулмакчы. А.Бекназаров экономикалык иш-аракеттери үчүн Максим Бакиев, мурдагы Маммүлк министри Турсун Турдумамбетов да жооп беришерин ырастады.

XS
SM
MD
LG