Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Пентагондун Иран боюнча жаңы стратегиясы


АКШ коргоо министри Роберт Гейтс Ирандын мүмкүн болчу ядролук кол салуусуна каршы Пентагон иштеп чыккан планга «аябай ыраазы». Бул жөнүндө Гейтс Вашингтондо Израилдин коргоо министри Эхуд Барак менен жолуккан соң маалымдады. Гейтстин сөзүнчө, жаңы стратегия дипломаттык чараларды жана санкцияны кошо камтыйт. Эхуд Барак Пентагондун планын колдоп, бирок санкция “үзүрлүү болмок” деди. Роберт Гейтс ошондой эле Иранды жана Сирияны Ливандагы Хизбулла уюмунун жаңы ракеталар жана башка техника менен куралдандырууда деп күнөөлөп, шиит согушчандарынын аскерий ресурстары региондогу стабилдүүлүккө коркунч туудурарын айтты.

XS
SM
MD
LG