Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Бишкекте ысык суу 11-майдан 11-июнга чейин токтотулат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек жылуулук түйүндөр ишканасынын жетекчиси Мирбек Батаканов билдирди. Анын айтымында, Бишкек мэринин милдетин аткаруучунун 26-апрелдеги буйругуна ылайык 11-майдан баштап ысык суу токтотулуп, Бишкек жылуулук түйүндөр ишканасынынын, ТЭЦтин жабдыктарын оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ал ошондой эле Убактылуу өкмөт ысык сууга 1 кубометрин 60 сомдон 40 сомго түшүргөнүн, буга чейин Бишкек жылуулук түйүндөр ишканасы мурдагы Данияр Үсөновдун өкмөтүнө дагы 40 сомдук бааны сунуштап колдоо таппагынын белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG