Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:27

Партиялар биригүү демилгесин көтөрүүдө


“Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясы, “Улуу биримдик”, “Элдик ынтымак”, “Кыргыз кылымы” партиялары жана бир катар коомдук бирикмелер улуттук идеологияны туу көтөрүп бир партиянын алдында биригүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул тууралуу “Асаба” партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Жолдош Орозов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жогорудагы партиялар 25-майга чейин бир партиянын алдында биригүү жана башка партиялардын кошулуу механизмин иштеп чыгып, курултай өткөрүүнү болжошууда. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG