Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:06

Таза эмес жетекчилердин үстүнөн арыздана турган ишеним телефондору иштеди


“Элдик кошуундун” Бишкек шаары боюнча ишеним телефондору ишке кирди. Иш-чара мамлекеттик кызматта отургандардын паракорчулук, бюрократиялык иштерин каттоо максатында уюштурулууда. Бул тууралуу “Элдик кошуундун” Бишкек шаары боюнча координатору Нурлан Өмүркулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында ишеним телефондору аркылуу чагымчылык кылып, кырдаалды бузууга жана талап-тоноочулукка жол берип жаткан аткаминерлер үстүнөн арызданса да болот. “Элдик кошуун” өз кезегинде мындай фактылар туурасында тийиштүү органдарга жана ММКга билдирүүлөрдү жасап турмакчы. Долбоор адам укугун коргоо боюнча эл аралык “ИЗ” кыймылынын колдоосунда ишке ашып жатат. “Элдик кошуун” 7-апрелдеги массалык талап-тоноочулуктун эртеси 8-апрелде түзүлгөн. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG