Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Ошто Түштүк Кыргызстан демократиялык республикасын түптөөгө чакырык жүрүүдө


Ош облусунда белгисиз адамдар тарабынан Кыргызстанды экиге бөлүү боюнча чакырыктар жазылган компакт-дисктер, баракчалар таркатылууда. Дисктерде экс-президент Курманбек Бакиевдин кайрылуусу жазылган, анда азыр убактылуу өкмөт башында тургандардын бири Алмаз Атамбаев убагында премьер-министрлик кызматка келерде мурунку өлкө башчысы менен кантип соодалашканы тууралуу баяндалат. Кайрылууда 7-апрелдеги кагылыштарда кан төгүү Ак үйдүн буйругу боюнча эмес, оппозициянын чагымы менен уюштурулганы, буга утурумдук өкмөт жоопкер экени айтылат. Мындай мазмундагы беш миңге чукул компакт-диск Ош, Кара-Суу шаарларында жана Алайда байма-бай таратылууда.

"Үйлөрдүн дарбазалары алдына, базарларда түнкүсүн ташталып жаткан “бул дисктер жергиликтүү элде убактылуу өкмөткө карата ирээнжүүнү пайда кылып атат”, - дейт Ош шаарынын тургуну Төлөгөн Келдибеков. Дисктер менен катар эле жергиликтүү тургундарга өлкөнүн түштүк аймагын өзүнчө бөлүнүп кетүүгө үндөгөн “Түштүк Кыргызстан демократиялык республикасын” түптөө чакырыктары бар баракчалар да таркатылууда.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Кеңешбек Дүйшебаев бул иштердин артында Бакиевдер тургандыгын айтып, учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери башталганын билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG