Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Р.Отунбаева “Мекен шейиттери” кыймылынын мүчөлөрүн кабыл алды


Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева бүгүн “Мекен шейиттери” кыймылынын Арстан Сагындыков баштаган 22 өкүлүн кабыл алды. Жолугушууда кыймыл өкүлдөрү убактылуу өкмөткө бир катар талаптарды койду. Алар: экс-президент Курманбек Бакиевди Минскиден алып келүү, УТРК аркылуу бир жактуу маалымат берүүнү токтотуу, курман болгондорду акыркы сапарга узатуу үчүн коомдук башталышта түзүлгөн комиссия жетекчиси Каныбек Иманалиевди кызматтан алуу талаптарын коюшту. Отунбаева бардык талаптар боюнча аракеттер көрүлөрүн айтты. Убактылуу өкмөттүн төрайымы мурунку өлкө башчысына Кылмыш-Жаза Кодексинин "массалык киши өлтүрүү" жана "кызмат абалынан кыянаттык кылып пайдалануу" беренелери боюнча оор айыптар коюлуп, аны Минскиден кайтаруу үчүн мүмкүнчүлүктөр бар экендигине ишендирип өттү.
Каныбек Иманалиев өз кезегинде апрель ыңкылабында курман болгондорду акыркы сапарга узатуу боюнча комиссиянын жетекчиси катары коомдук башталышта иштеп жатканын, ошондуктан аны кызматтан алуу талабы жөнү жок талап экенин белгилеп, ошондой эле "Мекен шейиттери" кыймылындагы 22 адамдын үчөөнөн башкасынын апрель ыңкылабында курман болгондорго таптакыр тиешеси жок адамдар экенин билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG