Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Апрель ыңкылабында шейит кеткендердин кыркылыгы 12-майда өткөрүлөт


Бул тууралуу курман болгондорду акыркы сапарга узатуу үчүн коомдук башталышта түзүлгөн комиссия жетекчиси Каныбек Иманалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында кыркылык үч бөлүктө өткөрүлөт. Алгач чогулгандар Ата-Бейит көрүстөнүндө куран окуп, андан соң 7-апрелде каза тапкандары эскерүү боюнча Ала-Тоо аянтындагы митингге катышат. Түштөн кийин Р.Отунбаева баштаган убактылуу өкмөт мүчөлөрү каза тапкандардын ата-энелери менен Тарых музейинде жолугушат. Музейде апрель окуяларын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү да уюштурулат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө 7-апрелдеги кандуу кагылыштарда 85 адам каза тапкан. (EK)

XS
SM
MD
LG