Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Евробиримдик Грекия боюнча саммит чакырды


Май айына белгиленип жаткан саммитте еврозонага кирген өлкөлөрдүн лидерлери Грекиядагы карыз кризисин талкуулайт. Евробиримдиктин президенти Херман Ван Рөмпейдин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, биримдик менен Эл аралык валюта корунун Грекияга насыя берүү боюнча сүйлөшүүлөрү өз нугунда кетип жатат. Еврозонага кирген 16 өлкөнүн саммити 10 – майдын тегерегинде өтмөкчү. Грекиядагы карыз кризиси бирдиктүү акча – еврону да солкулдатууда. Кечээ өлкөнүн кредиттик рейтинги дагы бир, “инвестициялык эмес” деген баскычка төмөндөтүлгөндөн кийин евронун курсу да акыркы бир жыл ичиндеги эң ылдыйкы чекке түштү.

XS
SM
MD
LG