Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:12

Апрелдеги окуяларда талап-тоноочулуктан жапа чеккен ишкерлердин расмий саны алты жүздөн ашык. Учурда бизнесмендер каржылык, гана эмес, психологиялык колдоого муктаж экени айтылууда

Мындан беш жыл мурда бекер оокат аңдыгандардын азабын Семетей Өмүргазы уулу жон териси менен тарткан. 2005-жылы 24-март түнү талап-тоноочулукта анын үч чакан дүкөнү тонолуп, ал баш аягы 60 миң долларга чыгымга учураган. Ошол окуядан кийин эптеп бутуна туруп, бизнесин улантып атканда 7-апрель кечинде экинчи жолу тоноочулардан жабыркады:

-7-апрелде уулдуу болгом. Кубанып жүрсөм кечке маал "Vefа" борборун талкалап атат деп угуп, шашкан бойдон бутигиме келсем, талап-тоноочулар товарларды сыртка ташып атыптыр. Жиним келип бир жигит менен мушташа кеттим. Анын койнунан чоң бычак түшүп калды. Мен ошол бычакты алып, “ким жолосо бычак менен жейт”, деп товарлардын жарымынан көбүн сактап калдым.

Семетей өңдүү талап-тоноочулардан жабыркаган ишкерлер өлкөдө жүздөп саналат. Алардын арасында жергиликтүү ишкерлер, чет элдиктер, бизнесин жаңыдан баштап жаткандар, миллиондогон сом чыгымга учурагандар дагы бар.

Апрель окуяларында талап-тоноочулардын колунан жабыркаган ишкерлердин санын аныктоо, аларга жардам берүү максатында Убактылуу өкмөт тарабынан комиссия түзүлгөн. Комиссия төрагасы Темир Сариевдин ырасташынча, учурда бизнесмендер тарткан чыгымдардын өлчөмүн аныктоо иштери жүрүүдө:

-Комиссияда төрт жумушчу топ түзүлдү. Алар ишкерлер тарткан чыгымдардын өлчөмүн аныктоо менен алек. Жумушчу топту бизнес адамдары жетектөөдө, анткени алар бул маселеде өздөрү кызыкдар.

Талап-тоноочулардан жапа чеккен ишкерлер өкмөттөн жардам алуу үчүн бир нече документтерди чогултушу зарыл. Алгач ички иштер кызматкерлери талап-тоноо боюнча кылмыш ишин козгошу зарыл. Мындан соң жапа чеккен ишкер эсеп-кысап документтери, бухгалтердик эсептер тууралуу кагаздарды чогултуп, жогоруда сөз болгон комиссияга өткөрүп берүүсү керек.

Ишкерлердин бир даары өкмөттөн көрүнктүү жардам болот деп ишенбегени менен комиссия төрагасынын орун басары Улугбек Кыдырбаев бул ирет бизнесмендерге колдоо көрсөтүлө турганын айтат:

-Мындай учурларда мамлекет бизнесмендерге ар кандай жолдор менен жардам бере алат. Мисалы ишкерлерди салыктардан же социалдык төлөмдөрдөн бошотуу. Экинчиден аларга жеңилдетилген насыя берүү жана акчалай колдоо көрсөтүү. Ушул тапта талап-тоноочулуктан жабыркагандарга ушул механизмдердин кайсынысы колдонулаары чечилип атат.

“Жаш ишкерлер кеңешинин” аткаруучу директору Руслан Акматбек талап-тоноочулуктан жапа чеккен ишкерлер менен түздөн-түз иштешип, аларга ар тараптан колдоо берүү менен алектенип аткан кези. Анын ырасташынча, банкротко учураган ишкер үчүн учурда эң башкысы-тиешелүү документтерди топтоп, комиссияга өткөрүү:

-Менимче ишкерлердин көбү өкмөттөн жардам алуу үчүн тиешелүү иш-аракеттерди көрдү. Ал эми кайсы-бир себептер менен антпегендер болсо, аларга айтаарым: тез арада керектүү документтерди чогултуп, комссияга өткөрүп бергиле. Эгерде кеңеш керек болсо бизнес уюмдарына кайрылса болот. Айтор жөн жатпастан аракет көрүү зарыл.

2005-жылдын 24-мартындагы окуяларда дагы жүздөгөн ишкерлер мүлктөрдөн ажыраган. Алардын айрымдары стресстен улам оорулуу болуп, проблеманы чечүү жолун таппай, айрымдары өз жанын кыюуга аракет кылган учурлар дагы болгону айтылып келет. Ишкер Семетей мындан улам, жөн жерден чыгымга учураган жарандарга каржылык гана эмес, психологиялык жардам берүү керектигин айтат:

-Ар кандай адамдар бар. Айрымдары ар кыл стресстерге оңой эле алдырып коет. Аларга психологиялык жардам берилсе жакшы болоор эле.

Психологдор талап-тоноочулардын айынан банкротко учураган ишкерлер эч убакта депрессияга түшүп кетпөөсү керек деп кеңеш берет. Бул тууралуу психолог Ирина Клименко буларды айтат::

-Банкротко учуроонун өзү адам үчүн ири психологиялык стресс. Эгерде бизнесмен убакыт өткөн сайын иши жүрүшпөй атканын аңдап турган болсо, банкроттукту жеңилирээк кабыл алат. Ал эми бир түндө эле баары-жоктон айрылып калуу – ишкер үчүн чоң сокку. Ошол үчүн адам депрессияга алдырбай, көңүлүн көтөрүүгө болгон аракет жасашы керек. “Алтын баш аман болсо, оокат табылат” деген принципти кармануу керек.

Психологдун айтымында банкротко учураган ишкерге колдоо көрсөтүүдө анын үй-бүлөөсү, жакындары чон роль ойнойт. Андыктан, ишкерди ар тараптан колдоп, анын маанайын көтөрүүгө аракет кылуу зарыл.
XS
SM
MD
LG