Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Грекиядагы финансылык кризис евромейкиндикке жайылып кетиши ыктымал


Эл аралык влюта фонду-МВФтин башчысы Доминик Штраус-Хан мындай эскертүүнү Германиянын финансы министри Вольфганг Шойбле, Европа борбордук банкынын төрагасы Жан-Клод Трише жана немец парламентинин жетекчилери менен Берлинде шашылыш кездешкенден кийин жасады

- Бүгүн Грекиядагы экономикалык кырдаал кооптуу болууда. Андан да жаманы - Грекия еврозонага киргендиктин, башкалар менен бир мейкиндикте. Бул мейкиндик коркунучта болгондуктан биз тез жана кубаттуу аракеттенишибиз зарыл.

Берлиндеги сүйлөшүү дүйнөлүк финансылык базар калдаңдап, евро долларга салыштырмалуу кескин арзандап кеткен маалда өттү. “Standard & Poor's” агенттиги шаршемби күнү Грекия жана Португалиянын артынан Испаниянын да кредиттик рейтингин ылдыйлаткан эле.

XS
SM
MD
LG