Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Президент Медведев Катынь кыргыны боюнча архивди ачтыруу себебин түшүндүрдү


Россиянын мамлекеттик архиви (Росархив) Совет бийлиги 1940-жылы Катын токоюнда кырган поляк офицерлерине байланыштуу маалыматтарды ачты. Росархивдин билдиришинче, маалыматтар Интернетке президент Медведевдин буйругу менен жайгаштырылды. Медведев ал жөнүндө Даниядагы визити учурунда мындай деди:

- Тарых сабак болуш керек. Менин көз карашымча, бул маалыматтардын жалпылаштырып жарыяланганы жаман эмес. Буга мындан ары да көңүл бурабыз. Бул биздин милдет.

Билдирүүгө караганда, кыргын тууралуу маалымат эбак ачык болчу. Бирок аны менен атайын уруксаты бар адамдар гана тааныша алчу.
Польша эчен жылдан бери Катындагы кызыл кыргынга байланыштуу бардык маалыматтарды ачыкка чыгарууну талап кылып келген. Катында бардыгы 22 миңдей поляк жок кылынган. Алардын көбү офицерлер болгон.

XS
SM
MD
LG