Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Премьер Браун "таажаал шайлоочудан" кечирим сурады


Британ премьер-министри Гордон Браун 66 жаштагы Жиллиан Даффи айымды “тажаал аял” деп атап койгону үчүн анын үйүнө барып кечирим сурады. Мындай сөздү Браун Англиянын түндүгүндө шайлоочулар менен кездешүүдөн кийин микрофон өчүп турат деп айтып алган. Даффи айым береги окуядан кийин “6-майдагы шайлоодо мурдакыдай Жумушчулар партиясына добуш бербейм” деди.
Гордон Браун башындагы Жумушчулар партиясы 13 жылдан бери бийликте жана акыркы сурамжылоолор партиянын эл арасында кадыры качканын көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG