Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:49

Д.Сарыгулов: Кыргыз Эл Республикасы деп атоо керек


Мындай пикирин экс-мамкатчы Дастан Сарыгулов Баш мыйзам жөнүндө кайрылуу-сунушунда белгилеген. Ал ошондой эле мурдагы Конституциялардагы беш кемчиликти атап, Баш мыйзамдын түп нускасы кыргыз тилинде жазылуу керектигин жана Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Сот бийлигинин жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштаган. Дастан Сарыгуловдун долбоорунда Мамлекет бийлигинин бардык бутактары элге – Элдик Курултай аркылуу жооптуу болушу, Президенттин укуктары кемитилип, айрымдары Элдик Курултайга берилүүсү, Жогорку Кеңешти Президентке ишенич көрсөтпөөгө укук бербей, бул маселеге Элдик Курултай аркылуу жалпы элдин добушу менен гана чечүү, жергиликтүү сотторду эл тарабынан шайлоо, Президент жана анын үйбүлөсү мамлекеттин эсебинен каржыланбай, эч бир кызматчыга кол тийгис укук бербөө, Улуттук Кеңеш түзүп, анын курамын 11 адамдан турган ар улуттун өкүлдөрүнөн түзүү сыяктуу маселелер көтөрүлгөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG