Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Атай Өмүрзаков “Даңазанын бир мүнөтүнөн” экинчи орунду алды


Кыргызстандык жаш бийчи Орусиядагы “Даңазанын бир мүнөтү” (“Минута славы”) теле берүүсүнөн экинчи орунду алды. Бул тууралуу бийчи “Азатыкка” өзү билдирди. Анын айтымында, бүгүн Москва шаарында бийчилердин эл аралык олимпиадасы башталды. Иш-чара 5-майга чейин созулат. А. Өмүрзаков учурда каражат жагынан кичине кыйналып жатканын айтты. Мурунку президент Курманбек Бакиев 29-мартта А. Өмүрзаковду кабыл алып жетишкен ийгиликтери үчүн Бишкектен эки бөлмөлүү батир убада кылган, бирок берилген эмес. (EBM)

XS
SM
MD
LG