Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Евробиримдик Кыргызстанга саясий кеңеш берүү үчүн чабарман жөнөтөт


Бул тууралуу 28-апрелде Брюсселлде Европа биримдигине кирген үч өлкөнүн жана Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда маалым болду. Жыйынга Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев катышты. Анда Р. Казакбаев Кыргызстандагы элдик ыңкылаптын келип чыккан себептери тууралуу толук маалымат берди. Убактылуу өкмөттүн мурунку авторитардык системаны бузуп демократиялык коом куруу үчүн жасап жаткан иштери тууралуу кабардар кылды. Евробиримдиктин өкүлдөрү өз кезегинде Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти. Аталган биримдик Венеция комиссиясынын жардамы менен конституциялык реформаларды жүргүзүүгө кол кабыш кыларын баса белгилешти. Бул жаатта чогуу-чаран иш-аракеттерди жүргүзүп саясий кеңешүүлөрдү өткөрүү үчүн 6-5-майда Евробиримдиктин Борбор Азия бюнча атайын чабарманы Пьер Морель келери маалымдалды. (EBM)

XS
SM
MD
LG