Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Убактылуу өкмөт: апрель окуяларын эл аралык эксперттер иликтеп жатат


Бүгүн убактылуу өкмөт билдирүү таратып 7-апрелде Форумдун жанында милиция куралсыз келген жана Элдик курултай катышуучуларына каршы күч колдонгон эмес деген маалыматты жокко чыгарды. Белгисиз адамдар эки машина менен курал-жарак алып келген деген маалыматты тийиштүү органдар иликтеп жатканын билдирди. Убактылуу өкмөттүн билдирүүсүндө Форумдун жанындагы кагылышта милиция атуулдарды өлтүрбөгөнү жана мурунку бийликтин буйругун аткарып тынч жыйынга чогулгандарды кубалаганга күнөөлүү эместигин баса белгиленди. Бирок 7-апрелде милиция куралсыз келген жана чогулгандарга күч колдонгон эмес деген маалымат чындыкка коошпой турганы айтылат. Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашынча, өкмөт төрайымы Роза Отунбаева 7-апрелдеги кандуу окуяны иликтөө үчүн эл аралык уюмдардын эксперттерин чакырган жана анын жыйынтыгы коомчулукка жарыяланат. Апрель окуяларын иликтөө үчүн түзүлгөн көз карандысыз комиссия Форумдун жанындагы кагылыш Улуттук коопсуздук боюнча кызматтын чагымчыл аракеттеринен улам тутанган деп кечээ билдирүү жасаган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG