Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:18

Президенттин күзөт кызматынан канча курал кеткени тактала элек


Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу башчысы Туратбек Мадылбеков “Азатыктагы” маегинде билдирди. 6-7-апрелдеги кандуу кагылыштардан кийин жарандар өз эрки менен жүздөн ашуун курал тапшырганын, элде азыр дагы беш жүздөй курал-жарак калганын маалымдады. Т. Мадылбеков жарандарга өз эрки менен колундагы куралдарды тапшыруу үчүн берилген мөөнөт он күндөн кийин соңуна чыгарын, бул убакыттын ичинде курал-жарактарды тапшырбагандар жоопко тартыларын маалымдады. Ички иштер министрлиги тополоңдо элдин колунда калган курал-жарактарды тез арада өз эрки менен тапшыргандар жоопко тартылбасын байма-бай эскертип жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG