Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

А.Атамбаев: Парламенттик башкаруу формасы болсо президенттикке барбайм


Бул тууралуу Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев “5-каналдын” Майдан берүүсүндө түз ободогу маегинде билдирди. Анын айтымында, эгерде Кыргызстан президенттик башкаруу формасын тандап алса, анда президенттик шайлоого талапкерлигин коет.
Ал ошондой эле 1-июлдан баштап укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык маяналары көбөйтүлөрүн, милициянын ардгерлеринин пенсиясы жогорулатыларын, 1-майдан баштап бардык курулуш иштери башталарын, бүджетте жетиштүү акча каражаты бар экендигин, дыйкандарга 12 пайыз менен кредиттер берилерин айтты.
А.Атамбаев жакын арада К.Бакиевдин жашырынып жүргөн жакындары кармаларын белгилеп, түштүктү бөлүп өз алдынча мамлекет кылууга кызыкдар күчтөр бар экендигин, аны уюштургандар жоопкерчиликке тартыларын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG